Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Батыш дипломаттары Дүйшөмбүнү Интернетке болгон чектөөнү алууга үндөштү


Иллюстрация
Иллюстрация

Батыш өлкөлөрүнүн бир катар дипломаттары Тажикстандын бийлигин Интернет эркиндигин камсыз кылууга чакырышты. 3-майда "Дүйнөлүк пресс эркиндигине" карата Дүйшөмбүдөгү иш-чарада сүйлөгөн АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм Интернетте жарандардын эркин ой-пикир алмашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек экендигин айтты.

"Биз принцибинде Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү эркин болушун жактайбыз. Интернетке бөгөт коюу жана ага кошулуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу башка нерселер менен бирге экономикалык өнүгүүгө да таасир этет. Мындан тышкары адамдарга өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн Интернет зарыл", - деп билдирди Поммершайм.

Америкалык элчи тажик өкмөтүнүн террорчулукка каршы күрөшүү сыяктуу коопсуздук чаралары Интернет сайттарына жана социалдык түйүндөргө бөгөт коюуга себеп болбошу керектигин кошумчалады.

Британиянын Дүйшөмбүдөгү элчиси Хью Филпот да өткөн аптадан бери Тажикстанда айрым социалдык түйүндөргө чектөө коюлуп жатканын сынга алды. Евробиримдиктин Тажикстандагы делегациясынын өкүлү Нилс Янсонс Интернеттин эркин болушу өлкөдөгү биримдикти бекемдөөгө салым кошорун белгиледи.

Декабрь айында да Британия, Германия, Франция, АКШ жана Евробиримдиктин өкүлдөрү тажик өкмөтүн эл аралык нормалардын алкагында Интернет эркиндигин камсыз кылышы зарылдыгын билдиришкен.

Апрель айында тажик өкмөтү Интернеттин баасын кеминде эки эсе көтөрүп, бирок коомчулуктун нааразылыгынан улам кайра бул чечимди жокко чыгарган.

XS
SM
MD
LG