Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов «Фейсбуктагы» баракчасына «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду колдой турганын жазып чыкты.
«"Уурусу күчтүү болсо ээсин доого жыгат" болуп атат го бул жагы. Андайга жол бербейбиз! Ыдырыс Исаковду салып берип унчукпай отуруп калбайбыз го...» деп жазган ал. Мурдараак депутат Сулайманов Ош шаарында жаштар менен жолугушууда да журналистти колдоого аларын айтканы социалдык тармактарга жарыяланган.
17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган. Көп өтпөй ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.
Бул окуядан кийин жалпы журналист коомчулугу жана жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, журналист Ыдырыс Исаковду коргоого чакырууда. Маалымат өкүлдөрү президенттин билдирүүлөрүндө өлкөдө коррупцияга каршы олуттуу күрөш жүргүзүлөрүн, жемкорлукка барган адамдар коомчулуктун алдында ашкереленерин айткан убадасын эске салып, андан бул ишти өз көзөмөлүнө алууну өтүнүп жатышат. (ZKo)