Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

Шыкмаматов: Ыдырысты коргой албасак коррупция менен күрөшкө балта чабылат (видео)


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковду колдоп чыкты. Депутат белгилегендей, журналисттин сотто утулушу жалпы акыйкаттыктын, сөз эркиндигинин, көмүскө иштерге каршы күрөшүү эрежесинин утулушу, зөөкүрчүлүктүн, кара күчтүн, таасирдин жана акчанын утушу болуп калат.

- Ыдырысты коргой албай калсак журналисттик иликтөөгө, деги эле коррупция менен көмүскө иштерге каршы күрөшүүгө чоң балта чаап алабыз. Коомчулукта сотторго азыр ишенич жок. Ошондуктан бир муштумга түйүлсөк сотторду мыйзамга баш ийип, Ыдырыстын укугун коргоого мажбурлайт, - деди депутат.

17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган. Көп өтпөй ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.

Бул окуядан кийин жалпы журналист коомчулугу жана жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, журналист Ыдырыс Исаковду коргоого чакырууда. Маалымат өкүлдөрү президенттин билдирүүлөрүндө өлкөдө коррупцияга каршы олуттуу күрөш жүргүзүлөрүн, жемкорлукка барган адамдар коомчулуктун алдында ашкереленерин айткан убадасын эске салып, андан бул ишти өз көзөмөлүнө алууну өтүнүп жатышат.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов «Фейсбуктагы» баракчасына: «"Уурусу күчтүү болсо ээсин доого жыгат" болуп атат го бул жагы. Андайга жол бербейбиз! Ыдырыс Исаковду салып берип унчукпай отуруп калбайбыз го...» деп жазган. (TSh)

XS
SM
MD
LG