«Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Бакыт Шаршембиев кармалды» деген маалымат - «атайын таратылган калп», деп билдирди бүгүн 6-майда мекеменин басма сөз катчысы.
Ошондой эле аталган комитет өлкө жетекчилигинин 2019-2023-жылдарга карата жарыялаган «Санариптик Кыргызстан» концепциясын жаманатты кылуу аракети жүрүп жатат деп эсептейт.
Шаршембиев пара менен кармалып, бирок кайра бошотулганын өткөн дем алыш күндөрү айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
12-февралдан тартып Бишкек шаарында «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштады. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетти аны ишке ашырууга жооптуу негизги орган. (RK)