Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:44

Суталинов: Эч жакка кетип калбайм, дарылануумду Бишкекте улантам


Мурат Суталинов. 7-май, 2019-жыл.
Мурат Суталинов. 7-май, 2019-жыл.

Мурат Суталинов дарылануусун Кыргызстанда улантат. Бул тууралуу ал бүгүн сот залынан бошотулгандан кийин «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

- Бул жактын онкология ооруканасында жакшы дарылап жатышат. Чет жакка кетпейм. Бул жерде эле болом. «Бошогондон кийин башка жакка кетип калат» деп ойлошот окшойт. Эч жакка барбайм, - деди Суталинов.

Ал ошондой эле 2010-жылдагы апрель окуясы үчүн моралдык жоопкерчиликти сезерин, бул үчүн жабыркаган тараптан кечирим сурап келатканын жана бүгүн бошорун күтпөгөнүн айтты.

Бүгүн 7-майда Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Мурат Суталиновдун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу аны эркиндикке чыгаруу маселеси жарым жылдан ашуун убакыттан бери каралып келатат. Ленин райондук соту 15-февралда аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан чечим чыгарган.

Дарыгерлер Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканын жана дарты өтүшүп кеткенин белгилеп жатышат. Ал 2010-жылдагы апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG