Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Акыйкатчы Мамытов журналист Исаковдун ишин өз көзөмөлүнө алды


Акыйкатчы Токон Мамытов.

Акыйкатчы Токон Мамытов «Азаттык» радиосунун кызматкери Ыдырыс Исаковдун ишин өз көзөмөлүнө алды. Мамытов журналистке байланыштуу соттук отурумга мониторинг жүргүзүүнү Акыйкатчы аппаратынын Ош облусундагы өкүлү Шамбеталы Касымовго тапшырган. Өкүл 7-май күнү журналист менен сүйлөшүп, ага юридикалык көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу өкүл Касымов «Азаттыкка» билдирди.

Акыйкатчы институту журналист Ыдырыс Исаковдун иши боюнча сот кайсы жерде өтсө да, ага мониторинг жүргүзмөкчү. Эгерде сот Бишкекте карала турган болсо, анда соттук отурумга Борбордук аппарат мониторинг кылат.

Акыйкатчы Токон Мамытов «доогер талап кылган сумма жашоонун минималдуу эсептик көрсөткүчүнүн эң аз өлчөмүндө болушу керек эле» деп белгилеген.

17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган. Көп өтпөй ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.

Бул окуядан кийин жалпы журналист коомчулугу жана жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, журналист Ыдырыс Исаковду коргоого чакырды. Маалымат өкүлдөрү президенттин билдирүүлөрүндө өлкөдө коррупцияга каршы олуттуу күрөш жүргүзүлөрүн, жемкорлукка барган адамдар коомчулуктун алдында ашкереленерин айткан убадасын эске салып, андан бул ишти өз көзөмөлүнө алууну өтүнүшкөн. (MdN/ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG