Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

БУУнун трибуналы Каражичтин абактан телефон чалганын териштирет


Радован Каражич.
Радован Каражич.

Босниялык сербдердин мурдагы лидери, Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун өкүмү менен өмүр бою эркинен ажыратылган Радован Каражичтин Черногорияда өткөн иш-чарага түрмөдөн телефон чалганы териштирилет.

7-майда БУУнун Эл аралык трибуналынын басма сөз катчысы Олуфеми Элиас Радован Каражичтин телефонду колдонуусу мыйзамсыз болгонун билдирди:

- Командир соттолгон адамга байланыш каражатын колдонууга уруксат берген эмес. Абактагы адам бул аракети менен мүмкүн мыйзамсыз иш кылган деп божомолдоого негиз бар.

Олуфеми Элиас түрмө жетекчилигине Каражичтин уруксатсыз телефон чалышын көзөмөлгө алуу тапшырылганын кошумчалады.

Окуя Гаага соту босниялык сербдердин мурдагы лидерин өмүр бою эркинен ажыраткандан кийин эки айдан соң болуп отурат.

Каражич телефон аркылуу катышкан, 3-майда Подгорицеде өткөн иш-чараны Серб улуттук кеңеши жана Серб маалымат жана маданий борбору уюштурган.

Серб улуттук кеңешинин президенти Момчило Вуксанович «Эркин Европа/Азаттык» үналгысына бул окуядан эч жаман нерсе көрбөй турганын билдирди.

- Ал форумдун катышуучуларына салам айткысы келген, буга шарт түзүлдү, - деди ал.

Радован Каражич Босния менен Герцеговинадагы жарандык согуш убагында босниялык сербдердин саясий лидери болгон. Ал 2008-жылы Белградда кармалып, Гаагага жеткирилген.

2016-жылы Югославия боюнча БУУнун Эл аралык трибуналы Радован Каражичти Сребреницадагы геноцид жана 1990-жылдары Балкан согушу маалында адамзатка каршы кылмыштары үчүн күнөөлүү деп таап, 40 жылга эркинен ажыраткан. Ал сот чечимине макул болбой Гаага сотуна апелляциялык арыз жазган.

Быйыл 20-мартта анын арызын караган Эл аралык кылмыш соту мурдагы өкүм «жумшак» болуп калган деп таап, өмүр бою соттогон.

Сребреницадагы мусулман эркектердин өлтүрүлүшү Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы «эң ырайымсыз кыргын» деп таанылган.

XS
SM
MD
LG