Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Түндүк Корея эки ракетасын сынады


Түндүк Корея үлгүсү белгисиз эки ракетаcын учурганын, алар кыска аралыкты бутага алуучу куралдар болушу ыктымалдыгын 9-майда Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрү маалымдады. Ракеталардын бири 420 чакырым, экинчиси 270 чакырым учканы такталды.

Ушуну менен Пхеньян акыркы бир жумада экинчи жолу ракетасын сыноодо.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин коңшу өлкөнүн бул кадамын Кошмо Штаттарга каршылык белгиси болушу мүмкүн деп баалады.

«Ханойдо макулдашууга жете албай калганына Түндүк Корея нааразы сыяктанат» - деди президент Мун жергиликтүү KBS радиосуна маегинде.

Ошол эле маалда ал Пхеньян АКШ аймагына түздөн түз коркунуч жарата турган куралын колдонбогонун белгиледи.

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын өткөн жылдын апрелинде өзөктүк жана ракеталык сыноолорун токтотушарын билдирген. Андан кийин июнда АКШ президенти Дональд Трамп менен алгач ирет жолуккан. Экинчи саммит быйыл февралдын аягында Вьетнамда өтүп, тараптар келишимге жете алышкан эмес.

XS
SM
MD
LG