Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

«Дин маданиятынын тарыхы» үчүнчү ирет сыноо мөөнөтүндө окутулат


«Дин маданиятынын тарыхы» китеби.
«Дин маданиятынын тарыхы» китеби.

Кыргызстанда «Дин маданиятынын тарыхы» сабагы 2018-2019-окуу жылында жүздөн ашуун мектепте үчүнчү ирет сыноо мөөнөтүндө окутулат. Андан соң бүт мектептерге жайылтылат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешев билдирди.

Коргоо кеңешинин дин жаатындагы концепциясына ылайык, 2016-жылы он мектепте «Дин маданиятынын тарыхы» сабагы пилоттук негизде окутула баштаган. 2018-жылы 56 мектепке киргизилген. Программа эки чейрекке бөлүштүрүлгөн. Баяндарда дүйнөдөгү бардык диндердин тарыхы камтылып, дин аралык ымаланы бекемдөө максатын көздөйт.

«Дин маданиятынын тарыхы» китеби аталган комиссиянын демилгеси, адистердин сунушу менен мектептин 9-классына ылайыкталып чыгарылган. Алгачкы нускасындагы баяндар татаал болгондуктан, оңдоп-түзөтүлүп экинчи ирет басылган. Бирок техникалык каталардан улам быйыл кайрадан жаңы басылып чыкканы турат. Мунусунда сүрөттөр, карталар көбөйтүлүп, мугалимдерге кошумча колдонмо да тиркелет. Аны «Коом таануу», «Тарых» предметинен сабак берген мугалимдер окутат.

Китеп азыр кыргыз жана орус тилдүү мектептерге гана ылайыкташкан. Пилоттук окутуунун үчүнчү этабында өзбек жана тажик тилдүү мектептер да камтылат. Китепти өкмөт басып чыгарат. (SE)

"Дин маданиятынын тарыхы" - зарылдыктан кирген сабак
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:38 0:00

XS
SM
MD
LG