Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Балыкчынын мэрлигине эки талапкер ат салышат


Балыкчы шаары.
Балыкчы шаары.

Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн, 14-майда мэр шайлашат. Калаа башчылыгына эки талапкер катталганын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстан» фракциясы мэрлик кызматка 40 жаштагы Мирбек Шакировдун, «Замандаш» фракциясы 26 жаштагы Марат Кудайбергеновдун талапкерлигин көрсөттү.

Балыкчынын мурдагы мэри Алмаз Мамбетов 19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Ал Мамкаттоонун мурдагы башчысы Алина Шаикованын ордуна келген. Шаикова паспорт бланктарын даярдоо боюнча тендер чырына байланыштуу кызматтан алынган.

Балыкчы шаардык кеңешинде жогорудагы эки фракциядан тышкары, КСДП, «Республика - Ата Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары бар. (SE)

XS
SM
MD
LG