Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Венесуэла өкмөтү менен оппозициясы Ослодо сүйлөшүү өткөрөт


Венесуэланын президенти Николас Мадуро менен оппозициянын лидери Хуан Гуайдо.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро менен оппозициянын лидери Хуан Гуайдо.

Венесуэланын өкмөтү менен оппозициясынын өкүлдөрү өлкөдөгү кризисти жөнгө салууну көздөгөн Норвегиядагы сүйлөшүүлөргө катышат. Алар Скандинавия өлкөсүнүн борборуна сапар алышканы, бул сүйлөшүүнү Норвегиядагы аты ачык айтылбаган топ уюштуруп жатканы 15-майда белгилүү болду.

Бирок Осло шаарында өтө турган бул сүйлөшүүлөрдө жаатташкан тараптар бетме-бет жолугушаары же арачылар менен гана сүйлөшөөрү азырынча так белгисиз.

Венесуэланын оппозиция көзөмөлдөгөн парламентинин атын атабаган өкүлү бул жыйынга өкмөт менен оппозициянын жогорку даражалуу өкүлдөрү катышаарын «Associated Press» жаңылыктар агенттигине ырастады.

Анын алдында президент Николас Мадуро да өлкөнүн маалымат министри Хорхе Родригес «өтө маанилүү» миссияны ишке ашырыш үчүн чет өлкөдө жүргөнүн билдирген болчу.

Венесуэлада президент Мадуронун өкмөтү менен өзүн «утурумдук президент» деп жарыялаган Хуан Гуайдо башында турган оппозициянын тиреши токтой элек.

АКШ баштаган 50дөн ашык мамлекет Гуайдонун бийлигин тааныса, Орусия, Кытай жана Куба Мадуронун өкмөтүнө колдоо көрсөтүп жатат.

XS
SM
MD
LG