Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Венесуэлада кырдаал курчуду


Ла Карлота аскердик авиа базасында президент Мадуро менен оппозиция лидери Гуайдонун тарапташтары кагылышты. Каракас. 30-апрель, 2019-жыл.
Ла Карлота аскердик авиа базасында президент Мадуро менен оппозиция лидери Гуайдонун тарапташтары кагылышты. Каракас. 30-апрель, 2019-жыл.

Венесуэлада оппозиция лидери, парламент спикери Хуан Гуайдону колдогондор нааразылык акциясын улантышты.

30-апрелдин таңында оппозициясынын лидери Гуайдо президент Николас Мадурону кулатууга багытталган планынын «акыркы баскычын» баштаганын жарыялаган. Мадуронун өкмөтү Гуайдону «мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенип жатат» деп айыптады.

Бул билдирүүдөн көп өтпөй баш калаа Каракастын ар кайсы райондорунда Гуайдону колдогондор менен Мадуронун тарапташтарынын ортосунда кагылышуу башталды.

Мадуронун бийлигин колдогон күч түзүмдөрү Гуайдону жактагандарга каршы көздөн жаш чыгарчу газ чачты. Ал эми оппозиция лидерин колдогондор армия өкүлөдөрүн көздөй таш ыргытты.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, кагылышууларда элүүгө чукул киши жараат алышты.

"Убакыт келди!"

“Венесуэла эли, кутман таң!” деп сөзүн баштаган оппозиция лидери Хуан Гуайдо өзүнүн видео кайрылуусун аскердик форма кийген адамдардын курчоосунда туруп, баш калаа Каракастын четиндеги Ла Карлота авиабазасынан жасады.

Видеодон анын артында оор аскердик бронетехникалар жана жанынан дагы бир оппозициячыл лидер Леопольдо Лопес турганын көрүүгө болот.

"Бизди угуп жаткандардын баарына кайрылам: убакыт келди! Венесуэлада тынчтык орношу үчүн бир гана кенебестик жана эстүүлүк жетиштүү эмес, азыр эр жүрөктүк жана акылдуу кадам керек. Биз күрөштү улантабыз жана өлкөбүздүн эркиндикке, демократияга жетишин камсыздайбыз", - деген Гуайдо Венесуэланын президенти Николас Мадуронун бийлигин кулатуу боюнча планынын акыркы этабын баштоого киришкенин жарыялады.

Өзүн утурумдук президент катары жарыялаган Хуан Гуайдо. 30-апрель, 2019-жыл.
Өзүн утурумдук президент катары жарыялаган Хуан Гуайдо. 30-апрель, 2019-жыл.

​Быйыл февраль айында өзүн утурумдук президент катары жарыялаган саясатчы «эр жүрөк» аскерлердин колдоосуна ээ болгонун айтып, элди көчөгө чыгууга үндөдү. Террорчулукка айыпталып, 13 жылга эркинен ажыратылып, кийин үй камагына чыгарылган оппозиция лидерлеринин бири Леопольдо Лопес аны аскерлер бошотконун билдирди.

Мадуронун өкмөтү: бардыгы көзөмөлдө

Анткен менен Мадуронун тарапташтары бардыгы көзөмөлдө экенин айтышууда.

Мадуронун өкмөтүндөгү расмий адамдар Гуайдонун 30-апрелде жасаган жарыясын бийликти төңкөрүү аракети деп аташты. Маалымат министри Хорге Родригез “Твиттердеги” баракчасына социалист Мадуронун өкмөтү “саткын аскерлерден турган чакан топтун” аракетине каршы турарын жазды.

Ал эми коргоо министри Падрион Лопес “Бардык аскердик бөлүктөрдө кырдаал туруктуу жана аскерлер командирлерге баш ийет” деп белгиледи.

Маалыматтарга караганда, Гуайдонун жарыясынан соң авиабазанын аймагына чогулган жүздөгөн адамдарга каршы көздөн жаш чыгарчу газ чачылды. Гуайдонун жанындагы аскердик формачан адамдар менен Мадурону колдогон аскерлер бири-бирине ок атышканын “Рейтер” агенттиги күбөлөргө таянып жазды.

"Кошмо Штаттар Венесуэла эли менен"

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон шейшемби күнү кечинде жасаган билдирүүсүндө Венесуэладагы окуяларды "бийликти төңкөрүү аракети эмес эле, мыйзамдуу президенттин бийликке келүү кадамы" деп атады. Болтон ошондой эле АКШ Орусия Түштүк Америкадагы соңку окуяларга кийлигишпейт деп күтөрүн кошумчалады.

"Николас Мадуро аба майданында учакка баратканда Кремль аны өлкөдөн кетүү планынан баш тартууга көндүрүүгө үлгүргөнүн" 30-апрелде кечинде CNN телеканалына Майк Помпео билдирди. Мамлекеттик катчынын айтымында, учак Кубанын башкалаасы Гаванага багыт алмак.

"Түшүнгөнүбүзгө караганда Мадуро биз бир топ убакыттан бери үндөп келаткан чечимди кабыл алып, өлкөдөн кетүүгө даяр болчу. Бирок Орусия аны орто жолдон айнытты. Мадуро кайра ойлонуп учакка отурат деп ишенебиз. Биз улуттук ассамблеяны, утурумдук президент Хуан Гуайдону колдоорубузду так айтып келатабыз. Туура кадам жасоого убакыт келген кезде Венесуэла элин колдойбуз. Ачка жүргөн балдарды тойгузуу, оорулардын чек арага топтолуп турган дары-дармекке жетүүсү үчүн экономиканы көтөрүүгө убакыт бышып жетти".

Помпео Мадуро менен орус жетекчилигинен ким байланышканын тактаган жок.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги мамлекеттик катчынын Мадуро тууралуу маалыматын төгүнө чыгарды. Мекеменин расмий өкүлү ал билдирүүнү "АКШнын маалымат согушу" деп сыпаттады.

Ал эми Ак үй президент Трамп Венесуэладагы окуялар тууралуу кабардар экенин жана абалга көз салып жатканын билдирди.

Социалист Мадурону колдогон мамлекеттердин арасында Орусия, Иран, Кытай жана Куба бар. Президенттик шайлоо былтыр майда өткөнүнө карабастан, Николас Мадуро бийликтеги экинчи мөөнөтүнө быйыл январда гана киришкен. Жарым жылдан ашуун убакыт оппозиция шайлоонун жыйынтыктары бурмаланганын белгилеп, бойкоттоп келген. Бул көчөлөрдө ири акциялардын башталышына түрткү болгон.

Мадуронун өкмөтүн колдогон Орусия быйыл март айында Каракаска жүздөй аскери менен учактарды жөнөткөн. Вашингтон ал аскерлердин арасында атайын бөлүктөрдүн жоокерлери жана киберкоопсуздук боюнча адистер бар деп ишенет.

Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү менен Венесуэладагы кырдаалды дагы талкуулаганын Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Былтыр Түштүк Американын бул өлкөсүндө инфляция 1,3 млн. пайыз көтөрүлүп, улуттук акчанын куну эбегейсиз түштү. Азык-түлүк, дары-дармек жана башка күнүмдүк эң керектүү нерселер таңкыс. Ачарчылыктан кутулуу аргасында 3 млн. жаран жакынкы чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG