Линктер

шейшемби, 21-май, 2019 Бишкек убактысы 11:00

«КТ Мобайл» «Salam» деген бренд менен бир айдын ичинде ишке кирет


Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, Байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин, «Альфа Телеком», «Кыргызтелеком» ишканаларынын жетекчилери менен «Альфа Телеком» жана «КТ Мобайл» компанияларынын ортосундагы кызматташтыктын талаштуу маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Анда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев эки мамлекеттик компаниянын кызматташтык идеясын колдой турганын белгилеп, алар өлкөнү санариптештирүү саясатын жакшыртууда локомотив болушу керек экенин айтты. Натыйжада «Альфа Телеком» ишканасы менен «КТ Мобайл» менен жыштыктарды чогуу пайдалануу боюнча кызматташтык улана турганы белгилүү болду. «КТ Мобайл» «Кыргызтелеком» ишканасынын туунду компаниясы болмокчу. Келишимге ылайык, түшкөн киреше «Альфа Телекомдун» пайдасына 67%, ал эми «КТ Мобайл» үчүн 33% принциби менен иштейт. «Альфа Телеком» Кыргызстандын рыногунда «Salam» бренди менен төртүнчү уюк операторун бир айдын ичинде ишке киргизүү милдетин алды.

Парламенттин 15-майдагы жыйынында бир мамлекеттик компаниянын эсебинен экинчи бир мамлекеттик мобилдик байланыш операторун ачуу долбоорунун артында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандары турганы тууралуу кеп козголуп, бул жагдайга баа берүү маселеси көтөрүлгөн.

Андан тышкары «КТ Мобайл» компаниясынын кызматкерлеринин ири өлчөмдөгү маянасы тууралуу да маалымат чыккан. 16-майда «КТ Мобайл» ишканасынын жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу (Рысалиев) кызматтан кетти.

Дагы окуңуз: «КТ Мобайлдын» ишин парламент иликтейт

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG