Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:50

Екатеринбургда 20дан ашык демонстрант камалды


Чиркөөнүн курулушуна каршы чыккандар. Екатеринбург, 13-май, 2019-жыл.
Чиркөөнүн курулушуна каршы чыккандар. Екатеринбург, 13-май, 2019-жыл.

Орусиянын Екатеринбург шаарында 20дан ашык киши уруксатсыз митингге катышканы үчүн бир нече күнгө түрмөгө камалды.

Бул шаардын тургундары жергиликтүү бийликтин белгилүү сейил бактын аймагында чиркөө куруу планына каршы 14-майдан бери демонстрацияга чыгып жатышат.

Екатеринбургдун райондук сотунун 16-майдагы чечимине ылайык, эки күн мурдагы нааразылык акциясында кармалган 21 киши экиден 10 күнгө чейин камалып чыкмак болду.

Орусиядагы нааразылык акцияларына байкоо салган өз алдынча «ОВД-Инфо» тобунун маалыматы боюнча, Екатеринбургдагы жүрүштөрдө баш-аягы 70 киши кармалды.

Ыйык Екатерина чиркөөсүнүн курулушун орус православдарынын патриархы Кирилл колдоп, орусиялык магнаттар Андрей Козицин менен Игорь Алтушкин каржылап жатышат. Храм 2023-жылы Екатеринбург шаарынын 300 жылдыгына карата курулуп бүтөрү айтылган. Бул планга каршы Change.org сайтына жайгаштырылган онлайн петицияга 74 миңден ашык киши кол койду.

XS
SM
MD
LG