Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Екатеринбургду экиге бөлгөн чиркөө


Чиркөөнүн курулушуна каршы чыккандар. Екатеринбург, 13-май, 2019-жыл.
Чиркөөнүн курулушуна каршы чыккандар. Екатеринбург, 13-май, 2019-жыл.

Екатеринбургдун жашоочулары шаардык сейил бакта чиркөөнүн курулушуна каршы чыгышты.

Екатеринбургдун борборундагы сейил бакта чиркөөнүн курулушуна каршы шаар тургундары 14-майда топтолуп, нааразылык билдире башташкан. Чогулган эл дүйшөмбүнүн таңында бакчада орнотулган темир тосмону бузуп, күзөтчүлөр коргогон чиркөөнүн пайдубалына коюлуучу ташты ээлеп алууга аракет кылышкан.

Тынчтык жүрүшүнө келген адамдар башында жетелешип алып ыр ырдап, бийлеп, курулуш аянтын үч сааттай ээлеп турушкан. Келгендердин басымдуу бөлүгү жергиликтүү бийликтин бактарды кыйып, ал жерге православдык чиркөө курууга уруксат бергенине нааразылык билдирген.

«Адамдар алардын үнүн эч ким укпай жатканына нааразы. Бир адам бүтүндөй шаар үчүн чечим кабыл ала албайт. Бардыгы менен кеңешип иш кылсын. Чиркөөгө эч ким каршы эмес. Баары анын так ушул жерде курулушуна каршы. Бизде чиркөө көп, ал эми жашыл бакчалар калбай калды, аларды талкалап салышты», - дейт акциянын катышуучуларынын бири.

Екатеринбург.
Екатеринбург.

Бир сааттай убакыттан кийин акция өтүп жаткан жерге ар кандай күрөш клубдарынын кийимдерин кийген атайын уюшулган тобу келип, чогулгандарды кууп чыгып, тосмону кайрадан орноткон. Ортодо кагылышуу да болгон.

Укук коргоочу Никита Томилов полиция чиркөөнүн курулушуна каршы акцияга катышкан төрт киши менен активистке газ чачыраткан бир күзөтчүнү кармап кеткенин маалымдаган. Ал эми Екатеринбургдун бийлиги сейил бакчада чиркөөнүн курулушун токтотпой турганын билдирди.

«Биз мыйзамдуу мамлекетте жашайбыз. Балким мыйзамдар туура эместир. Бирок чиркөөнүн курулушу толук мыйзамдуу», - деген Свердлов облусунун вице-губернатору Сергей Бидонько.

Анын айтымында, чиркөөнү салууга уруксат алынган, долбоор коомдук талкуудан өткөн. Орус православ чиркөөсү массалык нааразылык акцияларына карабай курулуш иштери улантыларын билдирди.

Екатеринбург чиркөөсүнүн башчысы Максим Миняйло чиркөө жергиликтүү элдин үнүн угуп, буга чейин эки жолу чиркөөнүн курула турган жери алмаштырылганын белгиледи.

«Азыркы жер эң туура тандалган», - деген Миняйло жергиликтүү элдин 40 пайызы чиркөөнүн курулушун колдой турганын эскертет.

Екатеринбург.
Екатеринбург.

Свердлов облусу боюнча ИИМдин башкармалыгы жергиликтүү жашоочуларды бийлик «уруксат бербеген» акцияларга катышуудан алыс болууга чакырууда. Мекеме «мындай абалда коомдук тартипти бузууга аракет кылган чагымчылдык аракеттер күчөйт, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаралат», деген эскертүү тараткан.

Сейил бакта Ыйык Екатеринанын чиркөөсүн куруу боюнча маселе былтыр көтөрүлүп, ошондо эле шаар тургундарын эки жаатка бөлүп койгон. Орус православ чиркөөсү Ыйык Екатеринаны шаардын коргоочусу катары эсептеп келет.

Чиркөөнүн долбоору 2010-жылы эле иштелип чыккан. Жергиликтүү бийлик чиркөөгө көлмөнүн боюндагы сейил бактан орун берген. Ага каршы чыккан жергиликтүү эл андан бери бул чечимди сот аркылуу жоюуга аракет кылып келет.

«Социум» фонду жүргүзгөн сурамжылоо жергиликтүү элдин 42 пайызы чиркөөнүн сейил бакта курулушуна каршы экенин, 22 пайызы гана колдой турганын көрсөткөн.

Бул чиркөөнүн курулушун Орус православ патриархы Кирилл колдоп, курулушту орусиялык магнаттар Андрей Козицин менен Игорь Алтушкин каржылап жатышат. Храм 2023-жылы Екатеринбург шаарынын 300 жылдыгына карата курулуп бүтөрү айтылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG