Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

Епископ Даниил: Биздин мектептер динди таңуулабайт


Епископ Даниил.
Епископ Даниил.

"Азаттык" Орус православ чиркөөсүнүн ишмердүүлүгү тууралуу анын Кыргызстандагы жетекчиси, епископ Даниил менен маектешти.

"Орозону диета үчүн кармабайт"

"Азаттык": Даниил мырза, февраль айында Масленица майрамын белгиледиңиздер эле. Учурда православдар улуу орозону кармап жатышат. Алгач анын маани-маңызы тууралуу айта кетсеңиз...

Епископ Даниил: Азыркы учурда улуу орозону кармап, руханий иштер менен алектенип жатабыз. Улуу орозого чейин Масленицаны майрамдык шаан-шөкөт жана өзгөчө сыйынуу менен тосуп алдык.

Бул майрам бизди Улуу орозого даярдайт. Христиандар бул орозону дин тута баштагандан бери эле кармап келишет. Элүү күнгө созулган улуу орозо бизди Пасхага даярдайт.

Масленица. 18-февраль, 2018-жыл
Масленица. 18-февраль, 2018-жыл

"Азаттык": Православ динине ылайык бул орозону кармоонун жол-жобосу кандай? Кандай өзгөчөлүктөрү бар?

Епископ Даниил: Улуу орозонун башка орозолорго караганда эрежелери катаал. Айтсак, эт жана сүт азыктарын оозго салууга болбойт. Ыйык деп эсептелген базар күнү гана балык жегенге уруксат. Мындан сырткары, ишемби жана жекшемби күндөрү май кошулган, ал эми калган күндөрү кайнатылган тамакты гана жеш керек.

Кээ бир күндөрү православдар таптакыр эч нерсе жебейт же болбосо каткан нан менен азыктанышат.

Бул орозону кармоодо жаш курагы боюнча чектөөлөр да киргизилген. Жети жашка чейинки балдар ата-энесинин уруксаты жана көзөмөлү менен кармаса болот.

Бишкектеги Масленица майрамы. 18-февраль, 2018-жыл.
Бишкектеги Масленица майрамы. 18-февраль, 2018-жыл.

Улуу орозонун эң негизги максаты - тарбия. Диета кармоо же арыктоо үчүн кармайм деген жаңылыштык.

Тамактан тышкары адам эмоциясын да тизгиндеши керек. Ачуулануудан, башкаларды каралоодон, ушак-айыңдан, жалкоолуктан жана башка күнөөдөн алыс болууга тийиш. Башкача айтканда, адам өзүнүн үстүнөн иштеп, өзүн тарбиялайт. Бул орозону эрки жана каалоосу күчтүүлөр гана кармайт.

"Кыргызстанда жан дүйнөсү таза адамдар көп"

"Азаттык": Мына төрт жылдан бери бул жакта иштеп жатасыз. Алгач келгенде кандай көйгөйлөргө дуушар болдуңуз? Аларды чече алдыңызбы?

Епископ Даниил: Мен алгачкы келгенде бул жакта чиркөөлөрдүн оор абалына күбө болдум. Кээ бирлери курулуп бүтпөй турса, кээ бирлери начар абалда эле. Биз кудайдын жана көмөкчүлөрдүн жардамы былтыр Владимир чиркөөсүн куруп бүтүрүп, Воскресенск чиркөөсүн оңдодук. Себеби, билесиздер - Советтер Союзуна чейин Бишкекте беш православ чиркөөсү бар эле. Советтик доордун алгачкы жылдарында бул чиркөөлөр, башка сыйынуу жайлары сыяктуу эле талкалоого дуушар болгон. Биз азыр ошолорду оңдоп, кайрадан куруп жатабыз.

Жумушубузду аткарып жатканда башка көйгөйлөргө да дуушар болбой жатабыз деп айткандан алысмын. Сөзсүз түрдө ниети түз эмес адамдар жолугат, капа болгон учурлар да бар. Бирок мен бул жактагы жумушумду, жашоомду жакшы деп айтаар элем. Анткени бул Кыргызстан күнөстүү өлкө, эли боорукер жана кең пейил. Жөнөкөй, сабырдуу жана жан дүйнөсү таза адамдар көп.

Төрт жылда өзүмө бай тажрыйба топтодум, көп нерсени үйрөндүм. Орусияда төрөлүп, иштеп жүрүп бул жакка келгенден кийин таптакыр башка маданият менен тааныштым. Жеке мага бул жер аябай жагат.

"Азаттык": Учурда проваслав динин тутунгандардын кайсы маселеси чечилбеген бойдон турат?

Пасха майрамы. Бишкек (архивдик сүрөт)
Пасха майрамы. Бишкек (архивдик сүрөт)

Епископ Даниил: Учурда Бишкектеги №12 кичирайондогу Владимирский чиркөөнүн жанына жалпы билим берүүчү мектеп салууну пландап, атайын документтерди даярдап жатабыз. Бул план көптөн бери өзгөрүп, ишке ашпай келген. Эми буюрса чечилип калды. Жерди аныктап, мектептин иш долбоорун даярдап, тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен кеңешип жатабыз.

Мындан сырткары, Чолпон-Атада чиркөө курууну максат кылуудабыз. Ал жердеги кичине чиркөөнүн ордуна чоң, жакшы чиркөө курууга муктаждык бар. Ал жерде көптөгөн православдар жашайт, ошондой эле ал жакка туристтер, коноктор жана православ чиркөөсүн көргүсү келгендер да келет эмеспи.

"Биздин мектептер исламды да окутат"

"Азаттык": Жогоруда окуу жайлар тууралуу да айтпадыңызбы. Эми ошол мектептер жөнүндө кеп кылсак. Канча окуу жайыңыздар бар жана ал мектептерде кандай билим берилет?

Епископ Даниил: Биздин жалпы билим берүүчү беш мектебибиз бар. Алардын үчөөндө башталгыч билим берилет, балдар 5-класска чейин окуйт. Бул мектептер Караколдо, Новопокровкада жана Кантта жайгашкан. Ал эми эки мектебибиз кадыресе орто билим берет.

Оштогу "Светоч" мектеби быйыл төртүнчү бүтүрүүчүлөрүн чыгарат, ал эми Бишкекте, епархияда жайгашкан мектепте кийинки жылы алгачкы бүтүрүүчүлөрдү, толугу менен 11-классты окуган окуучуларыбызды узатабыз.

Бул мектептер Билим берүү министирлиги бекитип берген жалпы билим берүү программасынын негизинде сабак өтүшөт. Буга кошумча сабак катары диний-маданий сабактар киргизилген. Православ дини менен катар башка диндерди, анын ичинде исламды да окушат. Кыргызстандын тарыхын, маданиятын үйрөнүшөт.

Бул мектептердин негиздөөчүлөрү епархия жана жергиликтүү православ жамааттары болуп эсептелет.

Окуучулар - ар түрдүү улуттун, ар түрдүү диндин өкүлдөрү. Аларга эч кандай диний же башка көз караштар таңууланбайт. Алар улуттар аралык жана диндердин ортосундагы толеранттуулук, өз ара сый мамиле тууралуу да маалымат алышат.

Оштогу "Светоч" мектеби.
Оштогу "Светоч" мектеби.

Мектептер жеке менчик болуп эсептелет жана мамлекет тарабынан каржыланбайт. Окутуу ата-энелер тарабынан каржыланат, кайрымдуулук уюмдары тарабынан колдоо көрсөтүлөт. Бирок аябай аз акча төлөнөрүн айта кетишибиз керек. Керек болсо жалпы билим берүү мекемелеринде мындан көп акча жыйналат.

Бишкекте эң арзан жеке менчик мектепке он эки миң сом төлөнсө, биздин мектептерге андан үч эсе аз акча төлөнөт. Себеби биз бардык социалдык катмардын өкүлдөрү, алардын балдары жакшы билим алсын, андан ары да өз жолун улантсын дейбиз. Керек болсо кээ бир мектептерибиздин окуучуларынын жыйырма пайызынан көбү окуу акысын төлөшпөйт. Аялуу катмардын өкүлдөрүнө жеңилдиктер каралган же болбосо таптакыр төлөшпөйт. Алардын материалдык мүмкүнчүлүгү буга жол бербейт. Анткен менен балдарды окутуш керек, тарбиялаш керек да.

Кайрымдуулук жана каалоо-тилек

"Азаттык": Кайрымдуулук иштери менен да алек болуп атасыздарбы?

Епископ Даниил: Албетте, бул үчүн бизде атайын социалдык бөлүм бар. Бул бөлүмүбүз Борбордук Азия жана Казакстан боюнча мыкты деп эсептелет. Кызматкерлерибиз колунда жокторго жардам бериш үчүн эл кыдырышат, оорукчандарга медициналык жардам көрсөтүшөт. Өткөн жылы бул жерде кыйын абалга туш болгондор үчүн тамак берүүчү атайын жай даярдап, ишке киргиздик.

Үйү жок же көчөдө калгандар ал жерге кирип тамак жеп, жылынышат. Муну менен катар Германиядан келген гранттын эсебинен медициналык жардам берилүүчү атайын бөлмө даярдап, медициналык жабдуу алдык. Дарыгерлердин тобу жана ыктыярчылар иштеп жатышат. Кээде катардагы эле дарыгерлер келип бейтаптарды карап, дары жазып жардам беришет.

"Азаттык": Эми православ христиан динин тутунгандарга, жалпы эле жарандарыбызга кайрылууга сизге мүмкүнчүлүк берсек.

Епископ Даниил: Православдарга же болбосо православ эместерге, негизи эле бардык жарандарыбызга ушул улуу орозо учурунда жакшылыктарды каалап кетет элем. Эң негизгиси - адам болуу, жоопкерчиликти көтөрө билүү керек деген ойдомун. Жарандарыбызды жакшылык кылууга, пайдалуу нерсени жасоого, ортобузда урмат-сыйды түптөөгө чакырат элем. Анткени бул нерсе мамлекетибизге, коомубузга, экономикабызга, бардык нерсеге пайдасын тийгизет деп ишенем.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG