Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Өзгөндө камалган блогер эркиндикке чыкты


Бауржан Кадырбеков (оңдо).
Бауржан Кадырбеков (оңдо).

Өзгөндө камалган блогер Бауржан Кадырбеков эркиндикке чыкты. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, блогердин үстүнөн даттангандар тосмо арыз жазып, ага доосу жоктугун билдиришти.

Кадырбеков да алардын үстүнөн жазган арыздарын кайтарып алды.

Буга байланыштуу жазык иши кыскартылып, блогер тергөө абагынан чыкты.

Блогерге Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгы “Ээнбаштык” беренеси боюнча сотко чейинки бир, “Опузалап акча талап кылуу” беренеси боюнча үч териштирүү баштаган.

Ал 8-майда кармалып, Ош шаарындагы №25 тергөө абагынын санитардык бөлүмүнө бир айга камалган. Жакындары Кадырбековдун ден соолугу начарлап, баса албай калганын айтып чыгышкан. (MdN)

XS
SM
MD
LG