Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Өзгөндүк блогер абактан чыкты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзгөндө камалган блогер Бауржан Кадырбеков 18-майда эркиндикке чыкты.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, блогердин үстүнөн даттангандар тосмо арыз жазып, ага доосу жоктугун билдиришти.

Бауржан Кадырбеков (оңдо)
Бауржан Кадырбеков (оңдо)

​Кадырбеков да алардын үстүнөн жазган арызын кайтарып алган.

Буга байланыштуу жазык иши кыскартылып, блогер тергөө абагынан чыкты.

Чыр эмнеден чыккан?

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда ал Кылмыш-жаза кодексинин опузалап пара талап кылуу жана ээнбаштык беренелери боюнча айыпталган.

Блогердин камалышына жергиликтүү тургундардын даттануусу негиз берген. Айыпталуучулардын туугандары муну жалаа деп сыпатташты.

Өзгөндүк блогер, 32 жаштагы Бауржан Кадырбеков Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча бир, ал эми 203-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча төрт кылмыш ишине шектүү катары айыпталган.

Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

"Аялга кол көтөрүп, урганы үчүн Өзгөн райондук соту бир айга камоо чечимин чыгарган. Мындан тышкары опузалап акча талап кылганы боюнча төрт арыз түшкөн. Бауржан милицияга өзүнө белгисиз бирөөлөр кол салып, сабады деп арыз жазган. Бул иштер азыр сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө жүрүп жатат".

​Аширбаевдин маалыматы боюнча, социалдык тармактарга тарап кеткен видеотасмаларга байланыштуу тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бауржан Кадырбековду милиция кызматкерлери 8-май күнү убактылуу камоочу жайга киргизген. Аны 8-июнга чейин камакта калтыруу чечимин райондук сот 11-майда чыгарган. Учурда Кадырбеков Ош шаарындагы тергөө абагында кармалып турат.

Бауржан Кадырбековдун «Чындык Маалымат KG» каналы "Youtubе" порталына 2019-жылдын 22-мартында катталган.

Ошол мезгилден тарта ал Өзгөндүн дүкөндөрдү тартып, аларга "жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү сатат" деген доомат койгон. Анын негизинде райондук милицияга беш жолу кайрылган. Ошол учурда товарлардын мөөнөтү өтүп кеткени аныкталып, дүкөн ээсине 5000 сом айып салынган.

Бауржан Кадырбеков 6-майда Өзгөн шаарында жайгашкан «Турсунбай-Ата» азык-түлүк дүкөнүнүн алдында өзүн бейтааныш сөккөнү тууралуу Өзгөн райондук милициясына арыз жазган.

Алдын ала жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында аны сөккөн киши 27 жаштагы Мухамаддиер Махумджанов экени аныкталган.

Бауржан Кадырбековдун карындашы Наргиза Бекташева агасы жалган жалаа менен айыпталып жатканын айтууда.

"Жалаа жаап жатышат. Бауржанды тигилер сабаган. Ал боюнча арыз жазса, милиция чара көргөн эмес. Ошондон кийин тигилер дагы арыз жазып, “бизден 25 миң сом акча талап кылды, урду” деп жалган маалыматтарды беришкен. Алардын апасы адвокат экен, тааныштары аркылуу өзүнө керектүү корутунду чыгарып алыптыр".

Наргизанын айтканы боюнча экинчи тараптын пикирин угууга кылган аракетибизден майнап чыкпады.

Ал арада блогер Бауржан Кадырбековдун аракетин социалдык тармакта колдогондор чыкты.

Ош шаарынын тургуну Жолболду "мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк саткан дүкөндү тартып көрсөткөн блогерди тийиштүү мекемелер колдоого алышы керек эле" деген пикирде.

"Бизде алдын алуу деген түшүнүк жок. Бузулуп кеткен тамакты жеп, ооруп калганда же бирөө өлгөндө гана аракет кылышат. Бауржанга окшоп алдын алып, көзгө сайып көрсөткөндөрдү тескерисинче камашат. Мындайда Бауржанды колдоого алыш керек эле".

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда "Бауржан Кадырбековду милиция сабаган" деген маалымат тараган. Милиция муну четке кагууда. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин “Азаттыкка” айтымында, Бауржан Кадырбеков соттун чечимин уккан учурунда эстен танган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG