Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Киевде казакстандык блогер камалды


Блогер Жанара Ахмет.
Блогер Жанара Ахмет.

Украинанын баш калаасы Киевдин жака белинде казакстандык блогер Жанара Ахмет 23-октябрда камалды. Ал ушул жылдын жазында баласы менен Казакстандан Украинага чыгып кеткен. Бир күн мурда Киевдин полициясы аны Казакстан издөө салганына байланышуу кармап, 72 саатка камакка алды.

Блогер Жанара Ахметтин адвокаты Владислав Гришенконун айтымында, Казакстандын жараны 21-октябрда Киевдин жака белинде кармалган.

Бир күн мурда Жанара Ахмет жашаган көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирге белгисиз адамдар келип, сыртка сүйрөп чыкканга аракет кылышкан. Муну блогер өзү Фейсбук социалдык тармагында жайгаштырган видеодо да көрүүгө болот.

Видеодо Жанаранын жанында уулу турат. Жанара өзү адвокатына жана полицияга чалган. Кийин ал өзү ошол эле Фейсбукка белгисиз адамдар аны ары-бери тарткылагандыктан денеси көгөрүп, кийими тытылганын жазган.

Ал эми келген полиция блогердин өзүн кармап кеткен. Анын себебин Жанара Ахметтин адвокаты Владислав Гришенко мындай деп түшүндүрдү:

- Ал түнү келген белгисиз адамдар жоголуп кетишти. Биз тиешелүү жактарга арыз жазып, кылмыш ишинин козголушун талап кылдык. Полиция Жанара Ахметти 72 саатка камакка алды. Блогер азыр убактылуу кармоочу жайда. Ага Казакстандын полициясы издөө салган имиш. Имиш дегеним анткени биз буга байланыштуу эч кандай документтерди көргөн жокпуз. Украинанын укук коргоо органдары түшүндүргөндөй, Жанара Ахмет Казакстандын талабы менен алдамчылык беренеси боюнча айыпталып, Интерполдо издөөдө жүрөт. Киевдин ага эч кандай доосу жок, ал Украинанын мыйзамдарын бузган эмес. Украинанын аймагында мыйзамдуу жүрөт.

Казакстандын Украинадагы элчилиги Жанара Ахметтин кармалышы тууралуу кабардар экенин билдирди. Жанара Ахмет Казакстандан 2017-жылдын март айында чыгып кеткен. Блогер казак бийликтери тарабынан саясий куугунтуктоо болуп жатканынан улам мындай кадамга барууга аргасыз болгонун айткан. Ал өз мекенинде "тыюу салынган уюмду негиздөө" деген кылмыш ишине катыштыгы бар деген кине менен шартуу кесилген эле.

Жанара Ахметтин адвокаты Владислав Гришенконун айтымында, Украинага келер замат блогер башпаанек сураган. Учурда бул суроо каралып жатат.

- Бул процедура абдан көпкө созулат. Эгер кайсы бир өлкөнүн жараны украин бийлигине баш паанек сурап кайрылса, бул суроо чечилмейинче аны мекенине кайтаруу мүмкүн эмес.

Гришенко эгер Башкы прокуратура блогерди Казакстанга өткөрүп берүүнү чечсе да Ахмет соттун чечимине каршы доо арыз менен кайрыла алат. Бул жол-жоболор да бир нече айга созулушу ыктымал.

Жанара Ахмет буга чейин казак бийликтерине каршы социалдык тармактарда жазган сынчыл пикирлери менен белгилүү. Украинага качкан соң ал мындай постторду жазууну уланткан.

Ермек Тайчибеков.
Ермек Тайчибеков.

Ушул эле күнү орусиячыл көз караштары менен таанымал блогер Ермек Тайчибеков эки жылдан ашуун камакта отурган соң мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Бул тууралуу 23-октябрда Адам укуктары боюнча Казакстан бюросу билдирди.

2015-жылдын декабрь айында сот аны Фейсбук социалдык тармагында жазган билдирүүлөрү менен улуттар аралык кастыкты козуткан деген айып тагып, төрт жылга эркинен ажыраткан. Тайчибеков сотто күнөөсүн мойнуна албай, бул иштин саясий мүдөөсү бардыгын белгилеген.

Блогер Ермек Тайчибеков камакта эки жыл, бир ай отурду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG