Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

УКМКны реформалоо тууралуу петицияга 200дөй киши кол койду


УКМКнын имараты. Бишкек.
УКМКнын имараты. Бишкек.

Кыргызстанда "Президенттен УКМКны реформалоону талап кылабыз!" деп аталган онлайн петицияга 200дөн ашык киши кол койду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, жарандык активист Рита Карасартова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, төрт күн мурда жарыяланган петицияда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти реформалоо үчүн бир нече сунуш берилип жатат. Арасында Антикоррупциялык кызматты УКМКнын карамагынан чыгаруу, мекемеден тергөө функциясын алып салуу жөнүндө демилгелер бар.

Активисттер ушу тапта бийликтин бардык бутактарын атайын кызмат көзөмөлдөп жатканын, мындай шартта парламент, соттор, аткаруу бийлигинин ачык иштеши күмөндүү экенин айтышып, президент Сооронбай Жээнбековду учурдагы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, УКМКны реформалоого чакырышууда. Кол топтоо бир нече күн бою уланып, анын жыйынтыгында президентке кайрылуу жиберилет.

Акыркы убакта УКМКга байланыштуу чуулгандуу иштер ачыкка чыкты. 15-майда атайын кызматтын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркулов Мамлекеттик каттоо кызматындагы паспорт, тендер чырынан кийин кызматтан кетти. 17-майда мекеменин кызматкери текшерүүнү токтотуу үчүн 350 миң сом талап кылып, анын 50 миңин алып жаткан жерден кармалганы кабарланды.

Шектүү чекисттин аты-жөнү жана кайсы ишти токтотуу үчүн кимден акча сураганы ачык айтылган жок. (NT)

XS
SM
MD
LG