Линктер

жума, 21-июнь, 2019 Бишкек убактысы 05:55

Сузакта сабалды делген наристе чарчап калды


Иллюстрациялык сүрөт.

12 күндөн бери эс-учун жоготкон абалда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан эки жаштагы кыз чарчап калды.

Бул тууралуу аталган ооруканадан “Азаттык” радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, оор абалда ооруканага түшкөн наристе өзүнө келген эмес.

7-май күнү кечинде “Тез жардам” кызматы Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынан эки жашар кызды оор абалда облустук клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алып келген. Дарыгерлер кыздын денесинде көгала тактар бар экенин айтышып, укук коргоо органдарына кабарлашкан.

Сузак райондук милициясы бул ишти жабыркаган кыздын жакындарынын көрсөтмөсү боюнча алгач кокустук фактысы катары бирдиктүү реестрге каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган. Кийин “Денесине анча оор эмес залал келтирүү” беренесинин негизинде иш козголгон.

Жабыркаган наристе Жалгыз-Жаңгак айылында төрт айдан бери таенесинин колунда тарбияланып жаткан. Кыздын апасы күйөөсү менен ажырашып, Орусияга иштегени кеткен.

Бул окуяны Балдардын укугун коргоо лигасы өз көзөмөлүнө алып, наристени сабагандарды жоопкерчиликке тартууну талап кылган. Аталган уюмдун жетекчиси Назгүл Турдубекованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, учурда соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү талабы коюлуп жатат. (КЕ/RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG