Линктер

бейшемби, 20-июнь, 2019 Бишкек убактысы 11:45

Тажик түрмөсүндөгү тополоңдо оппозициянын өкүлдөрү каза тапты


Иллюстрация.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Вахдат түрмөсүндө жазасын өтөп жатып, 19-майдын кечинде чыккан тополоңдо каза тапкан 29 кишинин тизмесин жарыялады.

Министрликтин дүйшөмбү күнү жарыяланган билдирүүсүндө түрмөдө жок кылынгандардын кеминде 17си "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөлөрү деп мүнөздөлгөн. Дагы үч киши Тажикстанда тыюу салынган оппозициядагы Ислам кайра жаралуу партиясынын өкүлдөрү катары көрсөтүлгөн. Азырынча бул тизмени көз карандысыз булактар ырасташа элек.

Расмий маалыматка ылайык, Вахдаттагы тополоңдо үч абак кызматкерин кошкондо 32 киши каза тапкан. Бычак сыяктуу учтуу куралдарды көтөргөн абактагы 30га чукул адам үч түрмө сакчысын жана камакта отургандардын арасынан бир нече кишини өлтүрүп, бир канчасын барымтага алып, түрмөнүн медициналык бөлүмүн өрттөшүп, өздөрүн бошотууну талап кылышкан.

«Тополоңду басуу операциясы учурунда 24 соттолуучу жок кылынып, дагы 35 адам кармалган»,-деп айтылат расмий маалыматта.

«Ислам кайра жаралуу» партиясына 2015-жылы, мурдагы коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода уюштурган козголоңдон кийин расмий тыюу салынган. Партия өкүлдөрүнө бийликти басып алуу пландарына тиешеси болгон деген айып коюлган. Кыймылдын жүздөн ашуун тарапташтары кармалып, ондогон өкүлдөрү эркинен ажыратылган. Ал эми Жогорку сот партияны террордук уюм катары таануу жөнүндө чечим чыгарган. Партиянын лидери Мухиддин Кабири бул айыптардын баарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG