Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Украин премьер-министри кызматтан кетерин жарыялады


Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман.
Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман.

Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман иштен кетерин жарыялады. Ал өкмөттүн 22-майдагы жыйынында кызматын тапшырып берерин дүйшөмбүдөгү телекайрылуусунда айтты.

Мурдагы президент Петро Порошенконун саясий биримдигинин мүчөсү болгон Гройсман кийинки парламенттик шайлоого катыша турганын белгиледи. Анын алдында ант берип, расмий түрдө президенттик кызматка киришкен Владимир Зеленский Жогорку Раданы таркатаарын, эки айдын ичинде чукул шайлоо өтөөрүн билдирген. Ал инаугурациялык сөзүндө бир катар жогорку аткаминерлерди кызматтан кетүүгө да чакырган эле.

Гройсмандын алдында Украинанын коргоо министри Степан Полторак менен Коопсуздук кызматынын башчысы Василь Грицак да кызматтан кетишкен.

41 жаштагы Владимир Гройсман 2016-жылдын апрель айында өкмөттүн башына келген. Ага чейин парламенттин спикери болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG