Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Өкмөттүн аппарат жетекчиси кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазды


Өкмөт Үйү. Бишкек.
Өкмөт Үйү. Бишкек.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчиси Шамил Асымбековду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө президент Сооронбай Жээнбековго сунуштама киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьердин сунуштамасына эмне себеп болгону айтылган жок. Ага президенттен кандай жооп болгону азырынча белгисиз.

Буга чейин Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетовду иштен алган.

Бул чечим «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коомуна, улуттук уюк байланыш операторун түзүүгө, ЕККУ менен чогуу жүзөгө ашырылып жаткан долбоор - «​Ачык өкмөт» улуттук форумунун катчысына байланышкан окуяларды эске алуу менен кабыл алынганы кабарланган. (NT)

XS
SM
MD
LG