Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 21-майда «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасын ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, анда Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 000 000 (беш жүз миллион) сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду.
Жыйында ипотекалык программа ишке киргенден тартып өкмөт аны каржылоого 4,8 млрд. сомдон ашуун каражат бөлгөнү айтылды. Ал эми насыянын үстөгү 12-14 пайыздан 7-9 пайызга чейин төмөндөгөнү белгиленди.
Кыргыз өкмөтү 2015-жылы мамлекеттик мекемелерде иштегендерди үй менен камсыз кылуу максатында атайын программа кабыл алып, Мамлекеттик ипотекалык компания түзгөн. Бирок насыянын шарттары бюджеттик кызматкерлердин капчыгына туура келген эмес. Буга байланыштуу өкмөт 2017-жылы мамлекеттик эмес мекемеде иштегендерге да насыя берүүнү чечкен. Ал Германиянын грантынын эсебинен берилмей болгон.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын апрелдеги билдирүүсүнө караганда, ушул убакытка чейин 14 банк аркылуу насыя берилип, 16 миңге жакын жаран турак жай алды. (NT)