Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:32

Батукаевди бошотуу тууралуу чечим чыгарган судья тергеле баштады (видео)


Азиз Батукаев.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата сотко чейинки өндүрүш иштери башталганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Эрматов Нарын шаардык сотунун судьясы болуп иштеп жатканда, 2013-жылдын 9-апрелинде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) караштуу №24 тергөө абагынын башчысынын орун басарынын кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу тууралуу көрсөтмөсүн караган. Судья ЖАМКтын Батукаевдин оор дарты тууралуу материалдарын кылдат иликтебей туруп аны канааттандырып, кримтөбөлдүн Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзгөн. ​Башкы көзөмөл органынын маалыматында Батукаев анын айынан сегиз жыл үч ай жети күндүк жаза мөөнөтүн өтөбөй калганы кошумчаланган.

Жапар Эрматов жөнүндө материалдар 335-берене («Көз көрүнөө калыс эмес өкүм же башка соттук акт чыгаруу), 319-берене («Коррупция») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылды.

Эрматов Батукаев Кыргызстандан чыгып кеткенден үч жылдан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Нарын район аралык сотунун судьясы болуп дайындалган.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан кылмыш иши быйыл жыл башында жанданган. Анын алкагында кримтөбөлгө «айыккыс илдеттен жабыркайт» деген диагноз койгон деген шек менен беш дарыгер кармалган. Алардын үчөө абакта, экөө үй камагында отурат. Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. ЖАМКтын жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да кармалган. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG