Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:35

Батукаевдин чуусу судьяга жетти


Азиз Батукаев сот залында. 4-апрель, 2006-жыл.
Азиз Батукаев сот залында. 4-апрель, 2006-жыл.

Кримтөбөл Азиз Батукаевди эркиндикке чыгаруу жөнүндө чечим чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ага карата «Мыйзам талаптарын одоно бузуу менен ишти өндүрүшкө алып, сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу» жана «Коррупция» беренелери боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Сот иштери боюнча эксперттер Азиз Батукаевди эркиндикке чыгарууда шаардык соттун судьясы Жогорку соттун макулдугун албастан өз алдынча чечим чыгара алмак эмес деп эсептешет.

Чечим чыгарган судья тергеле баштады

Башкы прокуратура уюшкан кылмыштуу топтун анабашы Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурун боштондукка чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата сотко чейинки өндүрүш ачылганын жарыялады. Анын тараткан маалыматына ылайык, ишти караган судья Жапар Эрматов 2013-жылдын 9-апрелинде №24 тергөө абагынын башчысынын орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучунун өзгөчө оор кылмыштары үчүн 16 жылга кесилген кримтөбөл Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу тууралуу сунуштамасын мыйзамсыз караган. Анткени мындай сунуштаманы мекеменин ыйгарым укуктуу жетекчиси же ЖАМКтын төрагасы гана берүүгө укугу болгон. Судьяга мындан башка Азиз Батукаевдин оор дартка чалдыкканы боюнча материалдарды текшербестен, эркиндикке чыгарып, анын Кыргызстандан чыгып кетишине өбөлгө түзгөн деген айып коюлууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Наргиза Куватова иштин калган жагдайлары тергөөнүн жүрүшүндө иликтене турганын кошумчалады:

Наргиза Куватова.
Наргиза Куватова.

«Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата материалдар 335-берене («Көз көрүнөө сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу»), 319-берене («Коррупция») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылды. Муну менен судьянын иш-аракетине укуктук баа берилди. Эми тергөөнүн жүрүшүндө анын жагдайлары кандай болгону толук иликтенет».

Башкы көзөмөл органынын маалыматында кримтөбөл Азиз Батукаев судьянын мыйзамсыз токтомунун айынан калган 8 жыл 3 ай жети күндүк жаза мөөнөтүн өтөбөй, өлкөнүн аба майданындагы VIP залы аркылуу Грозный шаарына учуп кеткени көрсөтүлгөн. Буга чейин бул ишти иликтеген убактылуу депутаттык комиссия судья бир эле учурда Азиз Батукаев боюнча эки токтом чыгарган жагдайларды аныктап чыккан.

Жапар Эрматовдун байланыш дарегин Жогорку соттун өкүлдөрү бере алышкан жок. Анын өзү менен байланышуу аракетибизден майнап чыга элек. «Азаттык» анын өзүнө же мыйзамдуу жактоочусуна микрофон сунууга даяр.

2013-жылы депутаттык комиссия бул иштин жагдайына кызыкканда ал Батукаевди бошоткон бир эле сот отурумунда эки башка токтом чыгарып, беренелерде да айырмачылыкка жол бергени боюнча доомат коюлган. Бирок Жапар Эрматов аны мындайча түшүндүргөн:

«Түп нускасы эки бет болгон. Анын көчүрмөсүн чыгаруу үчүн бир бет кылып кыскартканда бир сүйлөмү түшүп калыптыр. Бул жерде токтомдун маңызы өзгөргөн эмес. Ал техникалык гана ката».

Көлөкө артында калган «көрсөтмө берүүчүлөр»

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов бул ишке ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова менен Жогорку соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашеванын кыйыр тиешеси болушу мүмкүн экенин белгиледи:

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

«Атайын прокурор бул токтомду «мыйзамсыз чыкты» деп ага каршы даттанмак болгондо аны Башкы прокуратурадан тыйып коюшканы белгилүү болгон. Муну башкы прокурор Аида Салянова орун басары Людмила Усманованын оозу менен айттырган экен. Батукаев - өзгөчө коркунучтуу кылмышкер. Шаардык соттун судьясы өз алдынча туруп эле өзүм билемдик менен аны мыйзамсыз эркиндикке чыгаруу жөнүндө чечим чыгара алмак эмес. Бул жерде жогору жактагылардын макулдугусуз болбойт. Тескерисинче, ошолордун буйругу болсо керек. Бирок бул жерде баштапкы буйрукту берген ошол кездеги президент же мурдагы вице-премьер-министр да судьяга түздөн-түз чыгып, «мунун ишин карап кой» дебейт. Аны ошол судьянын жогорку инстанциядагы кызмат адамы аркылуу айттырган болушу мүмкүн».

Анткен менен мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөлдүн бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткен соң гана билгенин айткан болчу. Ал эми Жогорку соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашевадан бул жагдай тууралуу комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Азиз Батукаевди бошотуу боюнча 2013-жылы токтом чыгарган судья Жапар Эрматов 2016-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Нарын район аралык сотунун судьясы болуп дайындалган. Бирок 2013-жылы бул ишти иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын тыянагындагы судья Жапар Эрматовдун чечимин жокко чыгаруу жана анын өзүн жоопко тартуу боюнча сунуш эмнегедир аткарылган эмес.

Мамлекетке көлөкө түшүргөн чечим

Сөз болуп жаткан депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шер корутундуда бул судьянын иш-аракетине төмөндөгүдөй баа берген эле:

Болот Шер.
Болот Шер.

«Мамлекеттик бийликтин баркын кетирип, абийирин төккөн көрүнүш - бул адилетсиздик жана мыйзамсыздык. Комиссия Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматовдун Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурун бошотуу тууралуу чечими мыйзамсыз болгон деген тыянакка келди. Ал судьянын иш-аракеттеринде атайын мыйзам бузууну көздөгөн максат бар экенин эске алып, депутаттык комиссия соттун аталган токтомун жокко чыгаруу зарыл деп эсептейт. Жапар Эрматов өзүнүн жогорудагы чечими менен мамлекеттик бийликтин беделине көлөкө түшүрүп, жарандардын сот адилеттигине болгон ишенимине суу септи. Эң эле коркунучтуу адилетсиздик - бул мыйзамдын атынан жасалган адилетсиздик».

Убактылуу депутаттык комиссия кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз эркиндикке чыгаруу мамлекеттик бийликтин беделине көлөкө түшүргөнү боюнча тыянак чыгарып, ага катышы бар катары 28 кызмат адамынын тизмесин жарыялаган. Анын натыйжасында айрым жогорку кызмат адамдары кызматынан кеткени менен айрымдары кызматынан көтөрүлгөн.

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан кылмыш иши быйыл жыл башында жанданган. Анын алкагында кримтөбөлгө «айыккыс илдеттен жабыркайт» деген диагноз койгон деген шек менен беш дарыгер кармалган. Алардын үчөө абакта, экөө үй камагында. Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулду.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, азыр депутат Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да жакында кармалган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG