Линктер

шаршемби, 26-июнь, 2019 Бишкек убактысы 07:44

«Ачык саясат» Рыспаевдин пайдасына чыккан сот чечимине каршы даттанат


Кыргызстандагы гезиттер.

«Ачык саясат» гезитинин жетекчилиги Бишкектин Октябрь райондук сотунун бүгүн, 24-майда чыгарган чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрылат.

Басылманын башкы редактору Назгүл Мамытованын маалыматына караганда, ишти караган райондук соттун судьясы Майрам Дүйшембиева аталган гезитти парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевге 300 000 сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды.

«Ачык саясат» гезити 2018-жылы августта «Кожобек Рыспаевди иттен чыгарып коюшту» деген макала жарыялаган. Анда депутаттын позициясы тууралуу сөз болгон.

Макала жарык көргөндөн кийин Рыспаев гезитти сотко берип, моралдык зыян үчүн кенемте катары алгач 300 миң сом, кийин 1 миллион сом өндүрүп берүүнү суранган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG