Ош облусунун Араван айылында бүгүн, 24-майда медреселерге ашпозчу, ширетүүчү, тигүүчү, компьютер колдонуучу адис, электрик жана башка кесиптерди үйрөтүүдө керектелген жабдыктар берилди.
Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, жабдууларды Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы кесип үйрөтүүгө ылайыкташып, сыноо иретинде долбоор катары тандалып алынган медреселер алышат. «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун алкагында азыр өлкөдөгү 28 медреседе кесиптик билим берилип жатат.
Ушул кезге дейре 800дөн ашык жаштар кесип үйрөнүп чыгышканы айтылды. Долбоорду Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият), АВЕП (Айыл жергесиндеги жаштарды жумуш менен камсыз кылуу) коомдук фонду АКШ элчилигинин колдоосу менен ишке ашырууда.
Маалыматка караганда, анын максаты - жаштарга кесиптик билим берүү, жумушсуздарды азайтуу, алардын диний радикализмге, экстремизмге азгырылышынын алдын алуу. (NT)