Линктер

бейшемби, 20-июнь, 2019 Бишкек убактысы 11:53

Догоевдин талапкерлиги 28-майда парламент комитетинде каралат


Дастан Догоев.

Дастан Догоевдин Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына талапкерлиги Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин 28-майдагы жыйынында каралат. Аны бул кызматка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп жатат.

Догоев 2017-2018-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. Учурда президенттин коомдук кеңешчиси. Анын ысымы быйыл февралда биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендер чырында аталып, 8-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке күбө катары сурак берип чыккан.

Ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Бакыт Шаршембиев 21-майда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, президент тиешелүү жарлыкка ошол эле күнү кол койгон. Шаршембиев бул кызматта 2018-жылдын апрелинен бери иштеп келе жаткан. (BTo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG