Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:58

Пакистан менен Индиянын премьер-министрлери сүйлөштү


Пакистан менен Индиянын премьер-министрлери Кашмирде жыл башында болгон аскердик жаңжалдан бери биринчи жолу сүйлөштү.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан индиялык кызматташы Нарендра Модиге телефон чалып, аны парламенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганы 26-майда белгилүү болду.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, Имран Хан бул телефондук сүйлөшүүдө «Түштүк Азиядагы тынчтык жана өнүгүүнү» камсыз кылуу үчүн Индиянын премьер-министри Моди менен чогуу иштешүүгө дилгир экенин билдирген.

Индиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Нарендра Моди «чөлкөмдөгү кызматташтык үчүн зомбулук жана террорчулук өкүм сүрбөгөн шартты түзүү» зарылдыгын белгилеген.

Эки лидер февраль айында Кашмирдеги Пакистан менен Индиянын армиясынын тирешине алып келген окуялардан бери байланыша элек болчу. Анда Пакистанда жайгашкан жоочулар Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн аймагында жанкечти чабуулун уюштуруп, андан индиялык 40тай полиция кызматкери мерт болгон. Буга жооп кылып расмий Нью-Дели Пакистандын аймагындагы жоочуларга абадан сокку урганын билдирген.

Индия менен Пакистан Британиянын үстөмдүгү аяктаган 1947-жылдан бери мусулмандар басымдуулук кылган Кашмир аймагын талашып келет.

XS
SM
MD
LG