Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Мусакеевдин айылдаштары аны бошотууну талап кылууда


Тоң району. Бөкөнбаев айылы. Мусакеевдин тарапкерлери. 16-май, 2019-жыл.
Тоң району. Бөкөнбаев айылы. Мусакеевдин тарапкерлери. 16-май, 2019-жыл.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин жактоочулары Ысык-Көлдө нааразылык акциясы өтөөрүн маалымдап жатышат. Акцияны уюштуруп жаткан «Акыйкат үчүн күрөш» деп аталган кыймылдын башчысы Айбек Жаңыбаев «Азаттыкка» билдиргендей, бүгүн, 27-майда Мусакеев туулган Тоң районунун Бөкөнбаев айылында өткөн аптадагы нааразылыктын уландысы болот.

24-майда Дамир Мусакеевдин жердештери Бөкөнбаев айылында топтолуп, аны камактан бошотууну талап кылышкан. Ошол күнү Бишкектин Свердлов райондук соту Мусакеевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде беш жылга эркинен ажыратып, ал сот залынан камакка алынган.

Мурдагы президент Атамбаевдин жансакчысы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү болгон Дамир Мусакеев өзүнө коюлган айыпты негизсиз деп атаган. Анын тарапкерлери Бөкөнбаевде 16-майда да митинг өткөрүшкөн.​ (NT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG