Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

Өнөр жай, энергетика комитетинде каржылык мыйзам бузуу аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эсеп палатасы 2017-жылга карата Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетте жана ага караштуу мекемелерде жүргүзгөн аудитте бир катар каржылык мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Жыйынтыгында комитеттин карамагындагы «Энергодолбоор» мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтунда 7 626,6 миң сомдук ашырылган насыялык карыз, эмгек акыны төлөөдөгү 4 549,7 миң сомдук мыйзам бузуу чыккан.

Сарамжалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 29 310,2 миң сомду түзгөн. Анын ичинен Мамлекеттик картографиялык-геодеозиялык кызматта товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык корлору 812,4 миң сом болгон. 767,4 миң сом кызматкерлер үчүн стационардык жана мобилдик байланыш кызматына, жумушчу кабинеттердеги IP TV кызматтарына жумшалган.

27 730,4 миң сом аткарылган иштердин көлөмү жана натыйжалуулугу эске алынбастан, комитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн ай сайын сый акы катары төлөнгөн.

Бул тууралуу Эсеп палатасынын тараткан маалыматында айтылат.

Аталган комитет бул маалыматка жооп кайтара элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG