АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Бириккен Араб Эмираттарына барды. Ал 28-майда «Твиттерге» Бириккен Араб Эмираттарына жеткенин, ал жакта өнөктөштөр менен аймактагы коопсуздукту талкуулай турганын жазды.
Тараптардын сүйлөшүүлөрү бүгүн, 29-майда өтөрү күтүлүп жатат. Болтондун сапары АКШ жана анын Перс булуңундагы өнөктөштөрүнүн Иран менен алакасы чыңалып турган учурга туш келди.
Вашингтон, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары Тегеранды майдын башында Перс булуңундагы мунай ташыган танкерлерге кол салуу үчүн айыптап жатат. Эки өлкө тең Ирандын аймактагы атаандаштары.
Сауд Арабиясы мындан тышкары Иранды падышалыкка караштуу мунай объектилерине абадан урулган сокку үчүн айыптаган. Иран өз дарегине айтылгандарды четке каккан.
Ушул айда АКШ Жакынкы Чыгышка жана Перс булуңуна учак ташуучу согуштук кемесин, бомбалоочу учактарын жана «Patriot» ракетасын жайгаштырган. Вашингтон бул аракеттерин Ирандын чабуулунун алдын алуу катары түшүндүргөн. Вашингтон да, Тегеран да согушту каалабай тургандыгын билдиргенине карабай, ортодо кагылыш болуп кетеби деген кооптонуулар айтылууда.