Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:07

Паспорттук тендер чыры: Сот сынактын бүтүмүн жокко чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин район аралык соту жаңы үлгүдөгү паспорттун бланктарын даярдоо боюнча тендердик комиссиянын чечимин жараксыз деп тапты. Бул тууралуу 29-майда «Азаттыкка» сотко доо арыз менен кайрылган германиялык «Мүлбауэр» компаниясынын өкүлү Азамат Бекенов билдирди:

- Район аралык соттун чечими бүгүн чыкты. Мамкаттоонун 1-февралдагы жана Мекеме аралык комиссиянын 21-февралдагы чечимдери толугу менен четке кагылды.

Сот органдары жана Мамкаттоо кызматы бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

УКМК тендер чыры боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерде «Гарсу Пасаулис» утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган.

Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Ал эми Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаикова кызматтан кеткен. Ушу тапта Сарыбаев менен Абдуллаев үй камагында отурат. (RK)

XS
SM
MD
LG