«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппарат коюуга аракет кылган» деген маалыматтар боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, бул факты 24-майда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 186-беренеси («Жеке жашоого кийлигишүү»), 189-беренеси («Кат алышуунун жашыруундугун бузуу») жана 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Башкы көзөмөл органы «бул окуя кылдат иликтенип, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет» деп билдирди.
Алмазбек Атамбаев үн тыңшоочу аппараттарды орнотуу окуясы боюнча Башкы прокуратурага 27-майда арыз жазган.
24-майда КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын жакын санаалашы Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу түзмөк коюлганын жарыялаган.
Мунун алдында КСДП Атамбаевге таандык «Форум» ишканасында иштейм» деген адам өзүн УКМК кызматкерлери «кызматташууга» чакырганын, натыйжада экс-президенттин жана анын санаалаштарынын иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюуну талап кылышканын баяндаган видео тараткан.
УКМК бул маалыматты төгүндөп, КСДПнын билдирүүсүн «чагым» деп баалаган жана айрым саясий ишмерлер өзүн пиарлаш үчүн атайын кызматтын дарегине негизсиз дооматтарды коюп жатканын билдирген. (BTo)