Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Каржы полициясы) "Азаттыктын" "Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" деген программасы боюнча иликтөө баштайт. Бул тууралуу мекеме жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиев 30-майда парламент сессиясында депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"Айтылган далилдер кагаз түрүндө болсо, таң калыштуусу бүгүнкү күнгө чейин бизге кайрылышкан да, алып келишкен да эмес. Ошол материалдарды бүгүн эртең менен алдык. Биз иш-чараларды жүргүзөбүз. Буга чейин андай маалыматтар бизде жок болчу. Тиешелүү органдарга каттарды жибергенбиз", - деди Жамгырчиев.
«Азаттыктын» 29-майда обого чыккан иликтөөсүндө Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, "Райым миллион" атка конгон Райымбек Матраимов менен анын бир туугандарынын байлыгы, алардын миллиондогон акчалардын сыртка которулушуна катышы тууралуу сөз болгон.
Иликтөөдөгү маалыматтар жөнүндө бийлик жана Матраимовдор азырынча комментарий берише элек. Алар буга чейин өз дарегине айтылган сындарды четке кагышкан.
Ушул аптада Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иши аяктап калганын маалымдаган. Мекеме анын мүлкүн беш айдан бери текшерип бүтө элек.
Райымбек Матраимов боюнча иш Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 323-берене («Мыйзамсыз баюу») менен катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. (NT)