Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Рим папасы цыгандардан кечирим сурады


Рим папасы Блаж шаарында.
Рим папасы Блаж шаарында.

Рим папасы Франциск Румыниядагы иш сапарында католиктер чиркөөсүнүн атынан кылымдар бою уланган басмырлоо үчүн цыгандардан кечирим сурады.

Блаж шаарында цыган коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууда сүйлөп жатып ал «биз тарыхыбыздагы сиздерди басмырлап, катаал мамиле кылып же жактырбай караган мезгилдерибиз үчүн кечирим сурайбыз» деди.

- Мурдагы оор жана кейиштүү күндөрдү эч ким унута да, тана да албайт. Бирок ал күндөр биздин бир тууган катары тынчтыкта жашоого карай умтулуубузга жолтоо болбошу керек, - деди Рим папасы.

Бүгүнкү күндө цыгандар негизинен Европанын түштүгүндө жана борбордук бөлүгүндө отурукташкан. Румынияда алар калктын 10% түзөт.

Холокост маалында жүз миндеген цыган курман болгон.

Ал эми Трансилвания аймагында дээрлик 80 миңдей адам чогулган жолугушууда Франциск венгер жана румын улутундагыларды тынчтыкка чакырды.

Папанын Румыниядагы сапарынын негизги максаттарынын бири Рим чиркөөсү менен православ конфессияларынын ортосундагы кылымдардан бери уланып келе жаткан ажырымды бүтөө экени айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG