Бишкектин Лев Толстой жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде темир жолдо болгон жарылуунун себебин иликтеген комиссия түзүлдү. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы инженери Николай Лиличенко журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, жарылуу жүргүнчүлөрдүн кирин жууган фирма үчүн ысык суу даярдоочу жайда болгон.
Бүгүн, 3-июнда эртең мененки саат 08.50 чамасында чыккан жарылуудан төрт киши жаракат алган. Алардын баары күйүк менен ооруканага түшкөнү, абалдары оор экени, бирөө реанимацияда жатканы кабарланган.
Буга чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасы Бишкек Жылуулук электр борборунан келген түтүк туташкан кеңейтүүчү бак жарылганын маалымдаган.