Бишкекте бүгүн, 3-июндан тартып ысык суу бериле баштады. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, алгач мекеме-ишканалар, социалдык объектилерге ысык суу берилет. Абоненттерге суу берүү иши үч күн бою жүргүзүлөт.
Быйыл ысык суу белгиленген мөөнөттөн эки-үч күн мурда берилип жатат. Шаардык бийлик буга оңдоп-түзөө иштери эрте аяктаганы менен түшүндүрдү. Башкалаада жылуу суу 6-майда өчүрүлгөн.
Жыл сайын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн абоненттерге ысык суу берүү туура бир айга токтотулат.