Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Сариев: Матраимовду жетекчисинин сунушу менен дайындагам


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев «Азаттык» менен болгон маегинде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кызматка дайындалышы тууралуу суроолорго жооп берди. Матраимов 2015-2016-жылдары өкмөттү Темир Сариев башкарып турган кезде аталган мекеменин жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

- Ал кезде Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Адамкалый Жунусов эле. Мен катуу талап койчумун. Карап көрсөңүздөр болот. 2015-жылдын жыйынтыгында бюджетке 19,5 миллиард сом кошумча каражат алып келгенбиз. Жунусов мага келип, оптимизация жана мекемени реформа кылганы жатканын айтты. «Эгер колдоп берсеңиз, Матраимовду өзүмө орун басар кылып алайын, Эркечтамдан кеткен транзит боюнча көп сөз болуп жатат, ал жакка башка кишини коёюн» деди. Мен өкмөт башчы катары бардык иштерди министрлер жана мекеме жетекчилер менен чогуу аткарчумун. Аларга ишенгенден кийин колдогом. Алардын сунушу менен мен аны (ред: Райымбек Матраимовду) Түштүк бажы кызматынан борборго орун басар кылып которуп бергем, - деген Темир Сариев Матраимовдон орун басарлык кызмат үчүн эч кандай акча албаганын, аны көп убакыттан кийин Мамлекеттик бажы кызматынын коллегиясында көргөнүн кошумчалады.

Матраимов буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине жана Интернеттеги видеокайрылуусунда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалышына экс-президент Алмазбек Атамбаев менен анын шопуру, кийин кеңешчиси болгон Икрамжан Илмияновдун жардамы тийгенин билдирген.

«Раим миллион» атка конгон Райымбек Матраимов 2013-2015-жылдарда Түштүк бажысын башкарган. 2015-жылы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп, Бишкекке которулуп келген.

Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген.

Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Матраимов иштен мыйзамсыз алынган» деп тапкан. Кийин бул чечимди Жогорку сот күчүндө калтырган.

Ушул тушта «Азаттык» радиосунун кабарчысы Али Токтакуновдун Матраимовдордун байлыгы, алардын миллиондогон акчанын сыртка которулушуна катышуу ыктымалдыгы тууралуу иликтөөсү коомдо кызуу талкууланып жатат. «Азаттыктын» 29-майда обого чыккан иликтөөсүндө айтылган маалыматтар жөнүндө бийлик жана Матраимовдор азырынча комментарий бере элек.

Бир тууган Матраимовдор буга чейин өз дарегине айтылгандарды четке кагып келишкен.

Финансы полициясы Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү ишин беш айдан бери бүтө элек. (NT/MTo)

XS
SM
MD
LG