Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

УКМК: күйүүчү майды мыйзамсыз өткөргөн каналдар аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү майды мыйзамсыз алып өткөн каналдар аныкталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз борбору билдиргендей, 31-майда буга чейин Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган иштердин жүрүшүндө «Кант» темир жол станциясынан жалпы көлөмү 120 тонна болгон эки цистерна күйүүчү жана майлоочу май кармалды.

Атайын кызмат мыйзамсыз май ташыган схеманын түзүүчүлөрү Кыргызстандын аймагына жалпы 2000 тоннадан ашуун күйүүчү май киргизгенин кошумчалады. Бирок ал кайсы мезгил аралыгында алынып өткөнү айтылган жок. Учурда тергөө иштери уланууда.

Май айында аткезчилик менен ташылып жаткан күйүүчү май маселеси парламентте да көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев тармактык комитеттин жыйынында Токмок шаарынын көчөлөрүндө, анын айланасындагы айылдарда контрабанда менен келген күйүүчү май ачык эле сатылганын карабастан, ага каршы эч ким чара көрбөй жатканын билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG