Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Манасбек Арабаев 2-июлга чейин камакта калды (видео)


Манасбек Арабаев.
Манасбек Арабаев.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев 2-июлга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө абагында камакта болот. Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, ушундай чечим чыгарды. Бул тууралуу маалымат райондук соттон алынды.

Арабаевди УКМК 2-июнда «Коррупция» боюнча камакка алган. Ал былтыр май айында «жетекчиликтин ишениминен кетти» деген негизде жумуштан бошотулган. Мунун алдында «Арабаев сот тармагына, судьялардын чечимдерине жана кадр саясатына кийлигишет» деген мазмундагы доомат-сын күчөгөн эле.

Атайын кызмат Манасбек Арабаев тууралуу 3-июнда учкай гана маалымат таратты. Анда ал «кайсы бир топтордун кызыкчылыгын көздөп, кызмат абалынан пайдаланып чет өлкөлүк инвесторлордун мүлкүн тартып алуу» фактысына байланыштуу камакка алынганы айтылат. Материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Коррупция» беренеси менен катталган. Манасбек Арабаевдин адвокаттары жана жакындары анын камалганына байланыштуу комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG