Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Белгисиз адамдар Манасбек Арабаевге наалат айтып, башка чабышты


Манасбек Арабаев.
Манасбек Арабаев.

Президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Манасбек Арабаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратында иши каралып жаткандардын туугандарынын катаал мамилесине кабылды.

Соттон алып чыгып баратышканда ага «наалат» деген сөздөр айтылып, кимдир-бирөө колундагы сумкасы менен башка чапты. Ошондой эле жумуртка ыргыткандар да болду. Арабаев эч кимисине жооп кайтарган жок.

Ал 2-июлга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө абагында камакта болот. Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, ушундай чечим чыгарды.

Арабаевди УКМК 2-июнда «Коррупция» беренеси боюнча камакка алган. Ал былтыр май айында «жетекчиликтин ишениминен кетти» деген негизде жумуштан бошотулган. Мунун алдында «Арабаев сот тармагына, судьялардын чечимдерине жана кадр саясатына кийлигишет» деген мазмундагы доомат-сын күчөгөн эле.

Атайын кызмат Манасбек Арабаев тууралуу 3-июнда учкай гана маалымат таратты. Анда ал «кайсы бир топтордун кызыкчылыгын көздөп, кызмат абалынан пайдаланып чет өлкөлүк инвесторлордун мүлкүн тартып алуу» фактысына байланыштуу камакка алынганы айтылат. Материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Коррупция» беренеси менен катталган. Манасбек Арабаевдин адвокаттары жана жакындары анын камалганына байланыштуу комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG