«Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө аты аталган адамдар Европа өлкөлөрүнө да акча которуп жүрүшкөн. Бул тууралуу Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев өкмөттө өткөн жыйындан кийин билдирди:
- Биз 2014-жылы ИИМге жана 2016-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка 700 миллион долларга байланыштуу фирмалар, адамдар боюнча өз бүтүмүбүздү берген экенбиз. Азыр кайрадан карап жатабыз. Бул жерде Кара-Суу, Дордой базарларындагы акча боюнча кеп болуп жатат. Мындан тышкары ошол эле адамдардын Европага, Түркияга акча которушу боюнча сөз болуп жатат. Бүгүнкү күндө биз Финпол менен бирге ошол 700 миллиондун ар бир тыйынына чейин эсептеп, тыгыз иштеп, кандай мыйзам бузуу бар экенин изилдеп жатабыз.
«Азаттык» 29-майда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө мамлекеттен чыгарылып кеткен миллиондогон долларга Матраимовдордун ыктымалдуу катышы бар экени айтылган.
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 3-июнда иликтөөдө айтылгандар чындыкка дал келбей турганын, ага-инилери менен жасап жаткан иштери мыйзам чегинде экенин билдирген. (RK)