Чүй облусунун Төмөнкү Орок айылында чогулган 100гө жакын тургундар тараптарды ынтымакка, биримдикке чакырып жатышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Орок айыл аймагынын башчысы Уран Чодуев билдирди.
«Илгертен туруктуу жашап келген эл, үйүбүз да, жумушубуз да бир. Азыр эми жаштар арасында тентектик, түшүнбөстүк болуп чатак чыгып кетиптир. Бирок эми ал басылат, мына, аксакалдарыбыз келип жатат. Элдин маанайы жакшы эле», - деди ал.
Кечээ, 5-июнда Төмөнкү Орокто Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм мушташа кеткен, жабыркаган экөө ооруканада жатат, бири нейрохирургия бөлүмүндө. Бул боюнча 32 адам кармалып, кайра кое берилди.
Мунун алдында Сокулуктун Жаңы-Жер айылында да өспүрүмдөр ортосунда уруш чыкты. Ал жерде кармалгандар жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Эки факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. (ErN)