Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:51

Ассамблея: Төмөнкү Орокто чогулгандар бир нече шарт коюп тарады


Төмөнкү Орок. 6-июнь, 2019-жыл.
Төмөнкү Орок. 6-июнь, 2019-жыл.

Сокулуктун Төмөнкү Орок айылында эки тараптан тең мыйзам бузгандар жооп бериши керек. Ушундай шарт менен эл тарай баштаганын айылга барып, тургундар менен жолугушкандан кийин 6-июнда Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев билдирди:

- Түрк туугандар да, кыргыздар да келишти. 15 чакты үйгө таш ыргытылган экен, ошол чыгымды ким келтирсе, ордун толтуруп бермей болду. «Ал эми бейбаштык кылган балдар мыйзам боюнча жооп бериши керек» дешти. Аны жашырып койгон болбойт.

Жолугушууга Кыргызстандагы түрк диаспорасынын өкүлү Атамша Дурсунов да катышты:

- Мыйзам деген бар. Ким мыйзамды бузса, жооп бериши керек. Биз сүйлөшүп, келиштик. Мен айылдын тургундарына, аксакалдарга ыраазычылык айтам. Ачуусу тараганда, баары бир пикирге келет деп ишенем. Биз бул жерде жашап жатканыбызга 75 жыл болду, аталарыбыз «ынтымакта жашагыла» деп айтып кеткен. Улут аралык ынтымак бузулбасын деп тилеп жашап келебиз.

Кечээ, 5-июнда Төмөнкү Орокто Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм мушташа кеткен, жабыркаган экөө ооруканада жатат, алардын бири нейрохирургия бөлүмүндө. Бул боюнча 31 адам кармалып, кайра кое берилди, дагы бирөө милициянын убактылуу кармоочу жайында отурат.

Ушул эле күнү Сокулуктун Жаңы-Жер айылында да өспүрүмдөр ортосунда уруш чыккан. Ал жерде кармалгандар жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Эки факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. (GT)

XS
SM
MD
LG