Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Текебаев: Салянованы жоопко тартыш үчүн парламенттин макулдугу керек


Өмүрбек Текебаев соттук жараяндардын биринде. Август, 2017-жыл.
Өмүрбек Текебаев соттук жараяндардын биринде. Август, 2017-жыл.

«Ата Мекен» партиясынын абактагы лидери, учурда Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын камакка алынышы боюнча комментарий берди. Адвокат Чынара Жакупбекованын жардамы менен Текебаевден дүйшөмбүдө жазуу түрүндө алынган интервьюну журналист Динар Турдугулова «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. Анда Текебаев Баш мыйзамда президент, Жогорку Кеңештин депутаттары, судьялар жана башкы прокурорго иммунитет каралганына карабай, Салянованы камакка алууда ал жагдай эске алынбай калганын айткан:

- Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, башкы прокурорду кылмыш жообуна тартууга парламент гана уруксат берет. Ал эми судьяларды кылмыш жообуна тартыш үчүн Соттор кеңешинин макулдугун алуу зарыл. Баарыбызга белгилүү, Аида Салянова башкы прокурор болуп турган кездеги иши үчүн айыпталып жатат. Демек, Конституциялык палатанын, Жогорку соттун чечимдерине ылайык, аны кылмыш жообуна тартыш үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу сөзсүз алынышы керек. Ансыз Аида Саляновага жасалган аракеттердин баары мыйзамсыз. Ал аракеттерди жүргүзгөн адамдар мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш.

Өмүрбек Текебаев Салянованын камалышы Кыргызстанда компетенттүү, кесипкөй кадрлардын жетишсиздигин айгинелеп жатканын, азыркы тергөөчүлөр Конституциянын эрежелерин түшүнбөй турганын кошумчалаган. Ошондой эле «Аида Саляновага карата мыйзамсыз, Конституцияга каршы келген иш-аракеттерди Жогорку Кеңеш териштирет деп ишенерин» билдирген.

31-майда Текебаев саламаттыгына байланыштуу №47 колониядан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган. Ага дейре 3-майда Жогорку сот Текебаевдин жана аны менен бирге соттолгон мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, мурдагы сот өкүмдөрүн өзгөртүүсүз калтырган.

Эки саясатчы 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, ар бири сегиз жылдан абакка кесилген. Экөө тең муну саясий куугунтук катары баалап келишет.

Алардын партиялашы, парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кармалган. Сот аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. (NT)

XS
SM
MD
LG