Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Укук коргоочу Оюб Титиев мөөнөтүнөн мурда бошотулду


Оюб Титиев.
Оюб Титиев.

Чеченстандын Шали шаардык соту дүйшөмбүдө укук коргоочу Оюб Титиевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну чечти. Чечим он күндүн ичинде күчүнө кирет.

«Мемориал» укук коргоо уюмунун Чеченстандагы бөлүмүнүн 61 жаштагы башчысы Титиев 2018-жылдын башында автоунаасында баңгизат табылганына байланыштуу камалган. Титиев өзү жана укук коргоочулар баңгизат анын машинесине атайлап ташталганын айтып чыгышкан.

Быйыл мартта Шали шаардык соту Титиевди баңгизатты мыйзамсыз сактаганы үчүн айыптуу деп таап, төрт жылга эркинен ажыраткан. Титиев жана анын тарапташтары иштин саясий мүдөөсү бар экенин белгилешкен.

Титиевдин камалышына ондон ашуун эл аралык уюмдар, Батыш мамлекеттеринин жетекчилери тынчсыздануусун билдирип, Кремлди аны бошотууга чакырышкан.

Орус мыйзамдарына ылайык, Титиев жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүн өтөгөндөн кийин гана, 21-майда мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сураныч менен сотко кайрылган.

XS
SM
MD
LG