Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:02

Чеченстан: Оюб Титиев төрт жылга эркинен ажыратылды


Оюб Титиев сот залында. 18-март, 2019-жыл. Шали. Чеченстан.

Орусиянын карамагындагы Чеченстан Республикасынын Шали шаардык соту 18-мартта "Мемориал" укук коргоо борборунун Грозныйдагы бөлүмүнүн жетекчиси Оюб Титиевди төрт жылга эркинен ажыратты. Укук коргоочу "баңгизат сактаган" деп табылып, жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөй турган болду.

Өкүмдү угузуу тогуз сааттан ашык убакытка созулду. Өткөн аптадагы жараянда прокуратура Оюб Титиевди төрт жылга жалпы режимдеги колонияга кесүүнү жана 100 миң рубль айып пул салууну сураган.

Адвокаттар Титиевдин кылмыш иши "бурмаланган жана далилдер мыйзам бузуу менен келтирилген" деп эсептешет. 18-марттагы сотко укук коргоочунун санаалаштары, кесиптештери, дипломаттар жана журналисттер келишти.

61 жаштагы Оюб Титиев - төрт баланын атасы. Ал 2018-жылдын 9-январында «баңгизат ташыган» деген кине менен Чеченстанда кармалган. Укук коргоочу өзүнүн автоунаасына атайылап баңгизат салынганын айтып, коюлган айыптарды четке кагып келет.

Титиевдин камалышына ондон ашуун эл аралык уюмдар, Батыш мамлекеттеринин жетекчилери тынчсыздануусун билдирип, Кремлди аны бошотууга чакырышкан.

XS
SM
MD
LG